Skip Global Navigation to Main Content
Skip Breadcrumb Navigation
Пресс-релиздер

Жаңы жылга карата Ош шаарынын жаңыдан жасалган сейилбактары

2012-жылдын 30–ноябры

Быйылкы жылды узатып жатып Ош шаарынын Манас-Ата, Алымбек-Датка, Керме-Тоо, Ак-Тилек, Достук, Ак-Буура жана Жапалак аймактык кеңештери жергиликтүү бийликтин кызматкерлери, Кыргыз Республикасындагы өткөөл мезгилдеги демилгелер программасынын (АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин Ѳткөөл мезгилдеги демилгелер программасы) жана “Ош Жаштары” жергиликтүү бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү менен биргеликте жаңыланган коомдук жайлардын ачылышын майрамдоодо. Шакиров көчөсүнүн, Төлөйкөн кичи районунун, Зайнабетдинов 5 көчөсүнүн, №48-меткептин жанындагы Жапалак аймактык кеңешинин, Касымбеков 7 көчөсүнүн, Чкалов 2А көчөсүнүн, Абдыкадыров 195А көчөсүнүн тегерегиндеги өтүп жаткан бир нече аземдерде үй-бүлөлөр жана бийлик өкүлдөрү жаңыдан жасалган сейилбактарды жаш балдар жана ата-энелер үчүн ачык деп жарыялашты.

Кошумча дагы эки калыбына келтирилген сейилбактар 2012–жылдын 3–декабрь күнү Салиев 40­­/5 көчөсүндө саат 13:00дө жана Курманжан-Датка 211 көчөсүндө саат 14:30да өтүүчү аземинде ачылат, андан кийинки ачылыш аземи 4-декабрьда Касымбеков 19 көчөсүндө саат 15:00дө өтөт.

Ош муниципалдык бийликтин, “Ош Жаштары” коомдук фондунун жана USAIDдин кызматташтыгынан чыккан “Бир миллион сомдук аянтча” демилгесинин алкагында жалпысынан он сейил бак жаңыланды. Ачык жана айкын сынак аркылуу он коом тандалып, аларга USAID тарабынан курулуш материалдар жана жумушчу күч түрүндө колдоо көрсөтүлдү, ал эми жергиликтүү бийлик топографиялык изилдөөлөрдү жүргүзүлүп, ландшафт жана таштандыларды чогултуу боюнча кызмат көрсөттү. “Ош Жаштары” коомдук фонду жалпы коомдук жайларга жан берүү үчүн көп улуттуу коомдорду мобилизациялоо боюнча иш жүргүздү. “Биздин сейил бакты калыбына келтирүү иштерибиз бүткүл шаарга үлгү болуп калат,” – дейт Алымбек-Датка коомчулугунун лидери Жыпар Бердибаева.

Америка эли USAID аркылуу колдоосу жөнүндө кеңири маалыматты биздин сайттан алсаңыздар болот: http://kyrgyzstan.usaid.gov/.

###