Skip Global Navigation to Main Content
Skip Breadcrumb Navigation
АКШдагы Жайкы жумуш жана саякат программасы
 

Жайкы жумуш жана саякат программасы

Жайкы жумуш жана саякат программасынын алкагында жогорку окуу жайында билим алып жаткан студенттер жайкы тыныгуу учурунда АКШда иштөөгө жана саякат кылууга мүмкүнчүлүк алат. Катышуучулар бул программага бир нече жолу катыша алат. Эң көп дегенде программа үч айга созулушу мүмкүн.

Кыргыз Республикасы үчүн программанын мөөнөтү 1-июндан – 31-августка чейн.

Ушул үч айлык убакыттын ичинде студенттерге иштөөгө уруксат берилет. 

Бул программага ким тапшыра алат?

Өз өлкөсүндө жогорку окуу жайында күндүзгү бөлүмдө билим алып жаткан, программада ийгиликтүү катышуу үчүн англис тилин билген жана жаш-курагы 26 жаштап ашпаган студенттер бул программага катыша алат.

Кесиптик окуу жайлардын окуучулары бул программага тапшыра албайт.

Сырттан билим алган студенттер программага тапшыра албайт.

Маектешүүгө чейинки тапшырылуучу документтер (Программа координаторлору аркылуу гана)

  • DS-160 виза анкетасын толтурганын тастыктоочу барак 
  • Ак арткы планда түшкөн бир түстүү сүрөт (көлөмү 5 cм x 5 см).
  • Университетте билим алып жаткандыгын тастыктоочу кагаз (тастыктама)
  • Паспорттун көчүрмөсү
  • DS-2019 формасынын түп нускасы
  • SEVIS төлөмүн төлөгөндүгүн тастыктоочу кагаз
  • Жумуш кабыл алынгандыгы тууралуу кат

Маектешүүгө алып келүүчү документтер (студенттер өздөрү)

  • Паспорт
  • Зачеттук китепче
  • 140 доллар өлчөмүндөгү консулдук төлөм (толугу менен же кыргыз сомунда же АКШ долларында болуш керек)

Координаторлор белгиленген убакыт боюнча визасы бар паспортторду Консулдук бөлүмдөн алышат.

Өз укуктарыңды бил

Бардык студенттер АКШда жүргөндө өз укуктары тууралуу билиш керек. Эгерде Уилберфорс мыйзамын окугандан кийин өз укугуңар тууралуу кандайдыр бир суроолоруңар болсо, анда Элчиликтеги маектешүү учурунда сөзсүз сурагыла, суроолоруңарга консул жооп бергени даяр. 

Өз укугуңар тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн “Rights, Protections and Resources Pamphlet” баракчасын окуңуздар: 

Англис тилинде

Орус тилинде

Жайкы жумуш жана саякат программасы тууралуу кошумча маалымат үчүн Билим берүү жана маданий программалар бюросунун интернет барагын караңыздар http://exchanges.state.gov/jexchanges/programs/swt.html.