Skip Global Navigation to Main Content
Skip Breadcrumb Navigation
Визалар

АКШ визасы

Көптөгөн башка өлкөлөрдүн жарандарындай эле, АКШга кирүү үчүн кыргыз жарандары виза алууга тийиш.

АКШга узак эмес мөөнөткө туризм, дарылануу, ишкерлик, убактылуу жумуш же окуу максаты менен барууну каалаган жарандар иммиграциялык эмес визаларды алышат.

АКШ мыйзамына ылайык, иммиграциялык эмес визага тапшыруу учурунда тапшыруучу Америка Кошмо Штаттарына көчүүгө ниети жок экендигин далилдеш керек. Ар бир тапшыруучунун артыкчылыктарын өзүнчө эске алып, визага тапшыруучу канчалык деңгээлде талаптарга жооп берээрин консул өзү чечет.

Визага тапшыруучулардын жеке шарттары өзүнчө болгондуктан, окшош виза түрүнө тапшырган жарандарга башка суроолор берилип жана башка документтер талап кылынышы мүмкүн. Ар бир тапшыруучунун жеке шартына жараша консулдук кызматынын өкүлдөрү кошумча маалымат же документтерди сурашы мүмкүн. Иммиграциялык эмес виза түрлөрү жана визага тапшыруунун жол-жоболору тууралуу маалыматты сайтыбыздан таба аласыздар.

Айрым жарандар жеке арызы, туугандарынын же потенциалдуу иш берүүчүнүн өтүнүчү негизинде иммиграциялык виза алууга укуктуу. Виза түрлөрү жана виза алуунун жол-жоболору тууралуу кошумча маалыматты сайтыбыздан таба аласыздар.

Абайлагыла, алдамчылар!

  • Абайлагыла Алдамчылар алдоо максатында виза лотереясына байланыштуу жасалма каттарды жиберүүдө. Сак болгула!

Көңүл буруңуздар!

  • 2010-жылдын 30-апрелинен тартып иммиграциялык эмес виза алууну каалочулар жаңы электрондук анкетаны толтурууга тийиш (DS-160).

  • Элчиликтин күтүү залында визага тапшыруучулар гана боло алат. Аларды АКШ жарандары, жубайлары, жактоочулары, демөөрчүлөрү, достору же үй-бүлө мүчөлөрү коштой албайт. Консул менен болгон маек учурунда визага тапшыруучулар өздөрү каалаган маалыматты виза алуу үчүн керектүү материалдар менен кошо берүүгө тийиш.