Skip Global Navigation to Main Content
Skip Breadcrumb Navigation
Элчи

Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарымдуу элчиси

АКШ Элчиси Памела Спратлен

АКШ Элчиси Памела Спратлен

Памела Спратлен

Элчи Памела Спратлендин талапкерлиги 2011-жылдын 5-январында президент Барак Обама тарабынан көрсөтүлүп, 2011-жылдын 3-мартында Сенат тарабынан бекитилген. 2011-жылдын 15-апрелинде Памела Спратлен Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын элчиси катары ант берген.

Тышкы иштер боюнча кадрдык адис катары элчи Спратлен 20 жылдан ашуун түрдүү саясий жана жетектөөчү кызматтарда иштеп келүүдө. Элчи Спратлен буга чейин Казакстандагы АКШ элчилигинде элчинин орун басары болуп кызмат өтөгөн.

Мындан сырткары элчи Спратлен Мамлекеттик департаментте Батыш Европа иштери боюнча бөлүмдүн жетекчиси (2007-2008-жж.), Борбор Азия иштери боюнча бөлүмдүн жетекчиси (2006-2007-жж.), Борбор Азия боюнча жардамчынын орун басарынын милдетин аткаруучу (декабрь 2007 – май 2008-жж.) жана Мамлекеттик департаменттин Кеңешчисинин атайын жардамчысы (2005-2006-жж.) сыяктуу жетектөөчү кызматтарды аркалаган. Элчи Спратлен 2002-2004-жылдары Владивостокто Башкы консул, ал эми 2000-2002-жылдары Москвадагы АКШ Элчилигинде Техникалык жардам боюнча координатор катары кызмат өтөгөн. Мындан сырткары 2004-2005-жылдары Гонолулудагы Чыгыш-Батыш Борборунда илимий изилдөөчү-дипломат катары эмгектенген. Ошондой эле Элчи Спратлен эки көп тараптуу миссияларында кызмат өтөгөн: 1995-1998-жылдары АКШнын Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмундагы миссиясында жана 1992-1994-жылдары АКШнын Америка өлкөлөрүнүн уюмундагы миссиясында иштеген. Элчи Спратлендин биринчи чет элдик дайындоосу 1990-1992-жылдары АКШнын Гватемаладагы Элчилигине болгон.          

Элчи Спратлен Уэллсли коллежин аяктап, магистр даражаларын АКШ Кургак күчтөрүнүн аскер коллежинен (Стратегиялык изилдөөлөр боюнча дистанциялык окуу, 2006-жыл) жана Берклидеги Калифорния университетинен (Мамлекеттик саясат, 1981-жыл) алган. Элчи Спратлен Мамлекеттик департаменттин көптөгөн сыйлыктарынын ээси. Дипломатиялык кызматка чейин Спратлен айым тогуз жыл боюу Калифорния штатынын мыйзам чыгаруу жыйынынын комитетинин кызматкери катары иштеген. Элчи Спратлен орус, француз жана испан тилдерин билет.