Skip Global Navigation to Main Content
Skip Breadcrumb Navigation
Жеке маалымат
 

Купуялыкты сактоо эрежеси

Өз ыктыярыңыз менен өзүңүз тууралуу жеке мүнөздөгү маалымат менен бөлүшкүңүз келбесе, биздин интернет барагызды ачып окуганыңызда сизге тиешелүү жеке мүнөздөгү маалыматты чогултпайбыз. Бирок биз автоматтык түрдө сиз интернетти колдонгон домендин (.com, .edu, .etc.) аты, биздин баракка кайсы күнү жана саатта киргениңиз, ошондой эле интернет барактын дареги (мисалы, издөө кызматы же бизге шилтеме кылган барак) тууралуу маалыматты чогултабыз жана сактайбыз. Бул маалыматты интернет барагыбыздын түрдүү бөлүктөрүн окуган коноктордун санын билүү үчүн чогултабыз жана интернет барагыбызды сизге окшогон колдонуучуларга пайдалуу кылуу үчүн жардам берет.

Эгерде бизге электрондук кат жиберсеңиз

Электрондук кат менен өз пикириңизди же сурооңузду жиберүү аркылуу өзүңүз тууралуу жеке мүнөздөгү маалымат менен бөлүшө аласыз. Биз бул маалыматты көрсөтүлүп жаткан кызматыбызды жакшыртуу же сиздин сурооңузга жооп берүү максатында колдонобуз. Айрым учурларда сиздин электрондук дарегиңизди сизге жардам бере ала турган АКШнын башка мамлекеттик уюмдарына жиберишибиз мүмкүн. Мыйзамдуу тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткан учурлардан бөлөк электрондук даректерди башка сырткы уюмдарга бербейбиз.

Сырткаркы интернет барактарга шилтемелер

Интернет барагыбызда АКШдагы жана башка өлкөлөрдөгү АКШнын башка уюмдарына, элчиликтерине, эл аралык жана жеке уюмдарга болгон көптөгөн шилтемелер бар. Башка интернет барагына болгон шилтемени басуу менен биздин интернет барагыбыздан кетип, ошол интернет барактын купуялыкты сактоо эрежеси боюнча иштейсиз.

Так жана толук маалымат менен камсыз кылууга аракет жасайбыз. Бирок каталар болбойт деп кепилдик бералбайбыз. Интернет барагыбызда жайгашкан документ жана маалымат боюнча элчилик же анын кызматкерлери же келишим менен иш алып барган тарап, жайгашкан материалдардын коммерциялык сапатка жана айрым максаттарга дал келүүсү боюнча кандайдыр бир түз же кыйыр кепилдик бербейт. Мындан сырткары, бул жерде келтирилген маалымат, продукт же процесстердин тактыгы, толуктугу же пайдалуулугу үчүн элчилик кандайдыр бир юридикалык жоопкерчилик тартпайт жана мындай маалыматтын, продукттун же процесстин колдонулушу жеке жактардын укугун бузбайт деп эсептебейт.

Коопсуздук максатында жана бул кызмат бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болушу үчүн Мамлекеттик департамент уруксатсыз жүктөө, маалыматты өзгөртүү же зыян келтирүү аракеттерине байкоо жүргүзүү үчүн программалык жабдууларды колдонот. Бул интернет баракка материалдарды уруксатсыз жүктөө же маалыматты өзгөртүү аракеттерине катуу тыюу салынат жана айыпталуучулар 1986-жылкы “Компьютердик алдамчылык жана кыянаттык жөнүндөгү” Федералдык мыйзамга ылайык жоопко тартылат. Алынган маалымат укук коргоо органдары өткөргөн расмий тергөө үчүн колдонулушу мүмкүн. Жогоруда көрсөтүлгөн максаттардан бөлөк колдонуучулардын ким экендигин же алардын колдонуу адаттарын аныктоо аракеттери жасалбайт. Бул интернет баракка материалдарды уруксатсыз жүктөө же маалыматты өзгөртүү аракеттерине катуу тыюу салынат жана айыпталуучулар 1986-жылкы “Компьютердик алдамчылык жана кыянаттык жөнүндөгү” Федералдык мыйзамга жана АКШнын федералдык мыйзам жыйындысынын 18-бөлүгүнүн 1001 жана 1030 параграфтарына ылайык жоопко тартылат.