Skip Global Navigation to Main Content
Skip Breadcrumb Navigation
Пресс-релиздер

Обаманын 2012-жылы СПИДге каршы күрөштүн Дүйнөлүк күнүн жарыялоосу

2012-жылдын 29-ноябры

АК ҮЙ

Басма сөз катчысынын кеңсеси
2012-жылдын 29-ноябры 
СПИДге каршы күрөштүн Дүйнөлүк күнү, 2012-жыл
- - - - - - -
АМЕРИКА КОШМО ШТАТТАРЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН 
РАСМИЙ БИЛДИРҮҮСҮ 
СПИДге каршы күрөштүн Дүйнөлүк күнүндө, бул трагедиялуу илдет менен ооругандар алгач катталган учурдан 30-жыл кийин, ВИЧ/СПИД менен жашаган дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдарды колдоо иретинде эл аралык коомчулукка дагы бир жолу кошулуп жатабыз. Ошондой эле бул илдеттин жайылуусун, оорулууларды маскаралап уяткарууну жана бул пандемияны токтотуу боюнча дагы бир ирет милдеттенме алабыз. 
2010-жылы мен жетектеген өкмөт өлкөбүздөгү эпидемия менен күрөшүүнүн алгачкы артараптуу планын иштеп чыгып, ВИЧ/СПИДдин алдын алуу боюнча мамлекеттик стратегиясын жарыялаган. Бул стратегия ооруну жаңы жуктуруп алгандардын санын кыскартууга, дарылануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, саламаттыкты сактоо тармагындагы теңсиздикти жоюууга жана ВИЧ/СПИДке карата бирдиктүү улуттук чара көрүүгө  багытталган. Бул максаттарга жетүү үчүн биз ВИЧ/СПИД боюнча агартуу иш-чараларын өткөрүп жатабыз, жеке менчик, мамлекеттик жана коомдук секторлордогу кызыкдар тараптарды бири бири менен байланыштырып жатабыз, жана ооруну даарылоого жана аны жуктуруп алуу коркунучун азайтууга багытталган илимий изилдөөлөрдү каржылап жатабыз. ВИЧ илдетине өтө көп санда чалдыккан кумсаларга, африкалык-америкалыктар жана испан тилдүү жамааттарга келечекте көңүл бурушубуз керек жана дарылоонун далилдүү, үзүрлүү жолдору аркылуу ооругандарды дарылап, илдеттин таркашын токтотуубуз зарыл. Медициналык тейлөөнү калктын баардыгына жеткиликтүү кылууга багытталган мыйзамды кабыл алдык, ал ВИЧке текшерилүүнү дагы камтыйт жана 2014-жылдан тартып бардык америкалыктар, анын ичинде ВИЧ/СПИДке чалдыккандар, ден-соолукту камсыздандыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. 
Бул иш-чаралар өлкөбүздөгү жана чет өлкөлөрдөгү СПИД менен оорубаган муундун пайда болуусуна шарт түзүүдө . Бул өтө амбициялуу максат болгону менен иш жүзүнө аша турган максат. СПИД менен күрөшүү боюнча Президенттин өзгөчө кырдаалдагы планы (PEPFAR) боюнча ВИЧтин алдын алууда жана даарылоодо өткөн жылы бекиткен көрсөткүчтөргө жакындап жатабыз. Чоң адамдар арасындагы илдеттин жайылуусун алдын алуу, ВИЧ/СПИД менен жашаган адамдардын өмүрүн узартуу, энеден балага илдеттин жугуусун алдын алуу жана 2015-жылга карата илдеттин балдарга жаңы жуккан учурларын болтурбоо боюнча өлкөбүздөгү жана чет өлкөлөрдөгү өнөктөштөр менен иштеп жатабыз. ВИЧке чалдыккан адамдардын өлкөбүзгө кирүүсүнө болгон тыюуну эки партиянын аракети менен алып салуу аркылуу Вашингтондо өткөн СПИД боюнча 19-чу Эл аралык жыйынга дүйнө жүзүнөн көптөгөн лидерлер катыша алды. 
СПИД менен оорубаган муундун пайда болуусуна шарт түзүү – бул жалпыбыздын жоопкерчилигибиз. Бул өнөктөш өлкөлөрдүн тыгыз кызматташуусун, ошондой эле донорлордун, жарандык коомдун, ВИЧ илдетине чалдыккан адамдардын, диний уюмдардын, жеке сектордун, фонддордун жана көптараптуу уюмдардын колдоосун талап кылат. ВИЧ/СПИДке каршы күрөштүн бурулуш учуруна келип жеттик жана биргеликте аракеттенүү менен тарыхый мүмкүнчүлүктү колдонуп, бул күрөштү аягына чыгара алабыз.
Бүгүн ВИЧ/СПИД илдетинен арылууга багытталган аракеттерибизге бир сыйра көз чаптырабыз, бул жаатта илгерилөөгө шарт түзгөндөрдү кадырлайбыз жана бул илдеттен жапа чеккендерди эстейбиз. СПИД менен оорубаган муундун пайда болуусуна али көп бар, бирок бул маанилүү күндү белгилеп жатып эгерде ушундай калыпта, ушундай тырышчаактык менен алдыга карай жыла берсек, анда биз өз максатыбызга сөзсүз жетебиз. Бул илдетти жеңе алабыз. СПИДге каршы күрөштүн Дүйнөлүк күнүндө бул илдеттен көз жумгандардын элесине арнап жана аны менен күрөшүп жаткандарга СПИД менен оорубаган муундун пайда болуусун камсыз кылабыз деп ант берели. 
ОШОНДУКТАН, МЕН, БАРАК ОБАМА, Америка Кошмо Штаттарынын Президенти, Америка Кошмо Штаттарынын Конституциясы менен мыйзамдары мага ыйгарган укуктун негизинде 2012-жылдын 1-декабрын СПИДге каршы күрөштүн Дүйнөлүк күнү деп жарыялайм. Бардык штаттардын жана Пуэрто-Риконун губернаторлорун, Америка Кошмо Штаттарына караштуу башка аймактардын жетекчилерин жана Америка элин мага кошулуп, СПИДдин айынан көз жумгандарды эстөөгө жана бул илдет менен ооруп жаткандарды колдоого багытталган тийиштүү иш-чараларга катышууга чакырам.
ЖОГОРКУНУ ТАСТЫКТОО ИРЕТИНДЕ ушу ноябрдын жыйырма тогузунчу күнүндө, Кудайыбыздын эки миң он экинчи жылында, жана Америка Кошмо Штаттарынын эгемендүүлүгүнүн эки жүз отуз жетинчи жылында колумду койдум.
БАРАК ОБАМА