Skip Global Navigation to Main Content
Skip Breadcrumb Navigation
Пресс-релиздер

АКШ Өкмөтү Ноокат районунда электр энергия жана сугаруу тармактарын жакшыртууда

2012-жылдын 27-ноябры

2012-жылдын 28-ноябрында жергиликтүү өкмөттүн кызматкерлери, коомдук лидерлер жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) Өткөөл мезгилдеги демилгелер программасынын (OTI) өкүлдөрү Ош областынын Ноокат районунун Мирмахмудов айылында электрэнергия жана сугаруу тармактарын жакшыртуу боюнча иштердин аякташын майрамдайт. Иш-чара жаңы трансформаторлор орнотулган Таштак айылында саат 11:00дө өтөт.

Жергиликтүү тургундардын муктаждыгына жооп катары, USAID/OTI Коргошун-Талаа сугаруу каналынын бузулушун алдын алуу үчүн Чечме-Сайдын узундугу 200 метр аралык жээгин бекемдеди. USAID/OTI Ноокат районунун Таштак айылы үчүн 15,720 метр электр зымын, эки трансформатор жана 107 электр түркүктөрүн сатып алды. USAIDдин жана жергиликтүү коомдун мындай өнөктөштүгү жашоочуларды жакшыртылган электр энергия жана суу менен камсыз кылат. Мирмахмудов айыл өкмөтү электр энергия жабдууларын орнотуу үчүн 14,574 АКШ доллары көлөмүндө өз салымын кошту, ал эми Таштак айылынын жашоочулары каналды калыбына келтирүү үчүн 6,382 АКШ долларын чогултуп беришкен. Бул иш-чаралар Ноокаттагы Таштак жана Коргошун-Талаа айылдарынын 4, 774 көп улуттуу элине пайдасын тийгизип, жергиликтүү экономикага жергиликтүү жумушчу күчтү жана материалдарды колдонуу аркылуу кошумчалайт.

Бул долбоор Америка элинин колдоосу менен USAIDдин көптөгөн жардам долбоорлорунун бири болуп саналат. USAIDдин башка долбоорлору жөнүндө кеңири маалыматты биздин сайттан алсаңыздар болот: http://kyrgyzstan.usaid.gov/.

####