Skip Global Navigation to Main Content
Skip Breadcrumb Navigation
Транзиттик борбор менен бизнес жүргүзүү
 

Транзиттик борбор АКШ өкмөтүн товарлар жана кызматтар менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү тууралуу билдирет. Жалпы баасы 25 000 доллар же мындан жогору болгон тендерлер тууралуу жарыяларды https://www.fbo.gov/ интернет барагынан таба аласыздар.    

Ал эми жогоркудан баасы төмөн сатып алуулар, мисалы, офис эмеректери, компьютердик жабдуулар, оор техника сыяктуу башка товарлар жана кызматтар түз эле сатуучулардан сатып алынат. Кошумча маалымат алуу үчүн Транзиттик борбордун Келишимдер бөлүмүнө manas_econs@yahoo.com электрондук дареги же 0772-555-116 жана 0772-555-117 телефондору аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Транзиттик борбор менен бизнес жүргүзүү: 2011-жылдын жазында өткөрүлгөн Ишкерлик күнү

Жергиликтүү ишканалардан товарларды, курулуш жана башка кызматтарды сатып алуу аркылуу 2010-жылы Транзиттик борбордун Кыргызстандын экономикасына кошкон салымы 42 миллион долларды түздү. 2011-жылы Транзиттик борбордун салымы бул көрсөткүч менен тең же андан ашышы мүмкүн.

Транзиттик борбор менен иш алып барууга кызыкдар 244 ишкер 2011-жылдын 22-апрелинде “Хаят” мейманканасында өткөн Ишкерлик күнүнө катышты. 376- экспедициялык келишимдер бөлүмү Транзиттик борбор менен иш алып баруунун шарттары жана талаптары менен жергиликтүү ишкерлерди тааныштыруу максатында жылына эки жолу өтүүчү Ишкерлик күндөрүн уюштурат.

- Биздин талаптарга жооп бере турган кыргыз компанияларын аныктоо жана аларды АКШ өкмөтүнүн камсыздоочулар тизмесине киргизүүгө жардам берүү боюнча бир нече демилгелерди кароодобуз, - деди Транзиттик борбордун жетекчиси полковник Дуайт Соунс. - Мындан сырткары архитектура, инженерия жана курулуш кызматтарын көрсөтүүгө жана жыгач материалдарынан баштап унаа каражаттарына чейин камсыз кылууга мүмкүнчүлүктөрү бар ишкерлердин санын көбөйтүүнү караштыруудабыз.

Семинардын эртең мененки бөлүгү бизнес адеби, гуманитардык жардам, Кургактагы аскер жана Согуштук-аба күчтөрүнө караштуу Соода кызматынын концессионери болуу сыяктуу маселелерге арналды. Ал эми түштөн кийинки бөлүгүндө АКШ федералдык өкмөтү менен иш жүргүзуу мүмкүнчүлүктөрү жана тендерде утуп чыгуучу сунуштарды кандай даярдоо керек сыяктуу маселелер каралды.

Семинар учурунда тендердин бардык катышуучулары тыкыр текшерүүдөн өтөөрү жана камсыздоочулар менен иштөөдө Келишимдер бөлүмү ылайыктуу баага, сапаттуу товарларга жана өз убагында камсыздоого өзгөчө көңүл бураары тууралу айтылды. 

- Транзиттик борбордун Келишимдер бөлүмүнүн өкүлдөрү менен жергиликтүү ишкерлердин жолугуп, сүйлөшүүсүнө жылына эки жолу өтүүчү бул иш-чара жакшы шарт түзөт, - деди 376- экспедициялык келишимдер бөлүмүн жетекчиси капитан Жон Шунмэйкер. – Бул иш-чара камсыздоочуларыбыздын тизмесин кеңейтет деп үмүттөнөбүз жана ошондой эле бул мамилелери түзүүнүн жакшы жолу. Кыргыз шериктештерибиздин экономикасына кошулган ар бир доллар Транзиттик борборго, жергиликтүү ишкерлерге жана жумушчуларга жардам берип, АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди чыңдайт.

Транзиттик борбор менен иш жүргүзүүнүн талаптары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу www.fbo.gov интернет барагынан окуй аласыздар. Транзиттик борбордун жергиликтүү экономикага болгон экономикалык таасири тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн www.transitcenteratmanas.com интернет барагынан окуй аласыздар.